Премьер саламаттыкты сактоого чоң каражат бөлүнгөнүнө карабастан жыйынтык болбой жатканын айтат

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Саламаттыкты сактоо саясаты боюнча форумда сүйлөп жатып, саламаттыкты сактоонун жеке менчик тармагын активдүү өнүктүрүү боюнча тиешелүү чараларды кабыл алуу керектигине өзгөчө көңүл бурду. "Жыл сайын саламаттыкты сактоо системине мамлекет чоң каражаттарды жумшайт. 2012-жылы мамлекеттик бюджеттен бул тармакка бөлүнгөн сумма 9 миллиард сомдон ашкан. Ага карабай, биз күткөн жыйынтыкты көрө албадык. Буга байланыштуу, бөлүнүп жаткан каражаттын рационалдуу пайдаланышын, максаттуулугун тыкыр текшерүү кажет",- деди Жантөрө мырза.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан