"Учкун" ААКсы мамлекетке 1 миллион 34 миң сом зыян алып келгенин Башкы прокуратурадан билдиришти. Аталган органдан маалымдашкандай, "Учкун" ААКсы 2006-жылы 26-октябрда "К" АКсына директорлор кеңешинин чечими жок Бишкек шаарындагы эки кабаттуу имаратты кайтарылгыс кылып өткөрүп берген. Муну менен "Учкун" ААКсынын жетекчилиги мамлекетке чыгым алып келген. 27-ноябрь күнү Башкы прокуратура бул иш боюнча Кылмыш кодексинин 166-беренеси (Алдмачылык) жана 221-беренеси (Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлери кызмат абалын кыянаттык менен колдонуу) боюнча кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө иши жүрүүдө.