Аламүдүн районунда белгисиз айдоочу 20 жаштагы айымды сүзүп, биринчи жардамды көрсөтпөй качып кеткенин Чүй облустук ИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында кечки саат 19:30дарда Эне-Сай жаңы конушунда жогоруда аталган кырсык катталган. Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу кара Жип үлгүсүндөгү унаада болгон. Жыйынтыгында жабырлануучу окуя болгон жерден каза болуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.