Чүйдүн Москва районунда бир нече жарандан баңги заты табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сентябрь айынын башында Москва РИИБинин кызматкерлери мурда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган даректер боюнча бир катар тинтүү иштерин жүргүзүшкөн. Тинтүүлөрдүн натыйжасында баңгизат, уюлдук телефондор, бет кап жана башка буюмдар табылган.
Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.