Мамлекеттик тил күнүн белгилөөгө карата 18 китептин бет ачар аземи өткөрүлдү

Бүгүн, 21-сентябрда Мамлекеттик тил күнүн белгилөөгө карата 18 китептин бет ачар аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программанын алкагында бул жылы 18 аталыштагы китеп 8 миң 409 нускада басылып чыккан.

"Иш-чаранын жүрүшүндө китептер боюнча талкуу жүргүзүлүп, авторлорго сый акы берилди.

Басылып чыккан китептердин 7 аталыштагысы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн, 1 китеп мектеп, калган 10 аталыштагы китеп орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө багытталган.

Китептердин кол жазмаларын кабыл алууда кесиптик окуу жайлардын жана Кыргыз билим берүү академиясынын, окумуштуулар кеңешинин чечимдери эске алынды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан