“Түндүкэлектр” ишканасынын кызматкерлери 29-ноябрдан 30-ноябрга караган түнү саат 00:00дөн 6:00гө чейин “Центральная -1” жогорку кубаттуу көмөк чордонунда оңдоо иштерин жүргүзөт. Буга байланыштуу баш калаанын айрым бөлүктөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Айта кетсек, Фрунзе, Ленинград, Жаш Гвардия, Эркиндик, Жибек Жолу, БЧК, Абдрахманов жана Орозбеков көчөлөрүндө 6 саатка жарык жок болорун аталган ишкана эскертет.