Бүгүн эртең менен Талас облустук өрткө каршы мамлекеттик кызматынын башкармалыгы биздин редакция менен байланышып, “Талас шаардык балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебинде өрт чыкты” деп кабарлады. Келген маалыматынын негизинде окуя болуп жаткан жерге барганыбызда, өрт спорт мектептин жуунуучу жайынан чыгып жатканын көрдүк. Учурда ыкчам даярдыкта турган өрт өчүрүү кызматы барып тиешелүү иш-чараларды көрүшүүдө.