Аламүдүн районундагы ГЭС-1де суунун деңгээлин жөнгө салып туруучу жылма дарбазага тыгылып калган адамдын денеси табылды
29-ноябрь күнү Аламүдүн районундагы ГЭС-1дин аймагында шлюзга (суунун деңгээлин жөнгө салып туруучу жылма дарбаза) тыгылып калган адамдын денеси табылганын ӨКМдан билдиришти. ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдагандай, каза болгон жаран азиат улутундагы, 50-55 жаштардагы мырза. Анын денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, учурда өздүгү такталууда.