Окуучу кыздардын алтын сөйкөлөрүн тартып алууга аракет кылышкан өспүрүмдөр кармалганын Бишкек шаардык ИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 29-ноябрь күнү Бишкек шаарынын 2 жашоочусу Туңгуч кичи районунда 9 жаштагы кыздардын алтын сөйкөлөрүн белгисиз кыздар алдап тартып алууга аракет кылышкандыктары тууралуу арыз менен кайрылышкан. Аймактык инспектор тарабынан бул кылмышка тиешеси бар деп 15 жаштагы эки өспүрүм кыз кармалып, сурак беришүүдө.