ӨКМ Кыргызстандын аймагындагы унаа жолдор боюнча шашылыш эскертет. Акыркы күндөрү жааган карга байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында жана башка тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдордо муз тоңуп, тайгак болгондуктан, ӨКМ айдоочулардан машина айдоодо 500 метр аралыкты сактоону өтүнөт.