Милициянын кайгуул кызматы Бишкекте карыяны сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында белгисиз айдоочу Киев-Шевченко көчөсүндө жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн адамды сүзүп, белгисиз тарапка качып кеткен. Жабырлануучу 88 жаштагы А.З. аттуу киши ооруканага жеткирилген.
"Ыкчам иликтөө тобу шектүү айдоочуну кармаган. Ал Хонда-Фит унаасын башкарган 1974-жылы туулган С.О. аттуу жаран болгон. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.