Бишкекте 2 унаа кырсыкка кабылды. Анын бири жол четинде токтоп турган 4 унааны сүзүп кетти

Бишкектин Кызыл-Аскер районунда эки унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен жол четинде токтоп турган 4 унаа кырсыктады. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, автокырсык кечээ, 20-ноябрда болжол менен саат 22:00 чамасында Дэн Сяопин кең көчөсү менен Месароша көчөсүнүн кесилишинде катталган.

"Аталган көчөлөрдүн кесилишинен Мерседес-Бенц (айдоочусу 1979-жылы туулган У.Т.) менен Ауди-100 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Мерседес-Бенц унаасы андан ары сүрүлүп, жол жээгинде токтоп турган Ниссан Примера, Тойота Виш, Дэу Нексия жана Тойота Ист үлгүсүндөгү унааларды сүзүп токтогон.

Жол кырсыгынын кесепетинен 3 жаран жабыркап, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди.

Унаалар убактылуу токтотуучу жайга киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда", - дейт маалымат катчы.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга жол коопсуздугунун эрежелерин так сактап, кыштын күнү ылдамдыкты азайтуу менен унааны башкарууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан