Санкт-Петербургда Кыргыз жараны 73 жаштагы аялды өлтүрө сүзгөнү айтылууда

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргыз жараны унаа айдап бара жатып 73 жаштагы аялды өлтүрө сүздү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 11-декабрда болгон. Анда 52 жаштагы Кыргыз жараны кичи автобусту башкарып бара жатып, пенсионерди сүзүп алган. Ал окуя болгон жерден жан берген.

"Каза болгон жаран Санкт-Петербург шаарынын 73 жаштагы жашоочусу болгон. Пенсионер жолду туура эмес жерден кесип өтүп, кырсыкка кабылды. Жол кырсыгы боюнча айдоочуга кылмыш иши козголду. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KaGaH
2020-12-12 15:44:41
Өлтүрө сүздү ))))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан