Кыргызстанда кесиптик билим алууну каалагандардын саны 2 эсе жогорулады. Бул тууралуу Билим жана илим министри Канат Садыков билдирди. Министрдин айтымында, учурда 64 колледжде 65 миң окуучу орто кесиптик билим алып жатканын кошумчалап, орто кесиптик билим берүү программасынын сапатын жакшыртуу боюнча программалар кабыл алынып жаткандыгын кошумчалады.