Орусия оорукана жана мектеп жайгашкан аймактарга тамеки тартууга тыюу салды

Орусияда медициналык мекемелердин, соода түйүндөрүнүн жана билим берүү мекемелеринин аймагында тамеки тартууга тыюу салуу күчүнө кирди. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, дан сактоочу кампаларда, базаларда, дан эгиндеринин аянттарында, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, билим берүү, транспорт, соода, кен казуу, күйүүчү суюктуктарды жана күйүүчү газдарды кайра иштетүү жана сактоо, жарылуучу заттардын бардык түрлөрүн өндүрүүчү жайларда жана тамактануучу жайларда тамеки тартууга болбойт.

Ал эми тамеки тартуу үчүн атайын бөлүнгөн жерлерге "Тамеки чегүү аймагы" деген белги коюла турганы жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazira...
2021-01-03 17:28:22
Япониядагыдайбы?
0
Kyrgyz_bloger
2021-01-03 19:17:20
Биз спиртной,тамеки сатуу колдонуу жагынан орустарчалык тыю сала албадык,дагы калкыбыздын кобу мусулман деп созубуз менен мактанабыз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан