Бишкекте учурда 800гө жакын маршруттук такси иштеп жатат

Бишкекте учурда 80 пайызга чукул маршруттук таксилердин айдоочулары ишин улантып жатат. Бул тууралуу Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Улан Бейшенбаев SUPER.KG порталына билдирди.

"Азыркы учурда борбор калаада коомдук транспорт айдоочуларынын 80 пайызы жумушка чыкты. Эртең менен 6:30да 400гө жетпеген маршрутка ишке чыккан. Ал эми 10го жакын 2 эсеге көбөйүп, тагыраагы 800гө чукул маршурткалар чыгышты. Көчөлөрдү кыдырып, коомдук унаалардын кыймылын көзөмөлдөп жатабыз", - деди Улан Бейшенбаев.

Белгилей кетсек, кечээ, 19-январда Бишкек шаарындагы айрым коомдук транспорттун айдоочулары жол кире акысын көтөрүүнү талап кылып иш таштаганы маалымдалган. Бул маселе боюнча Бишкек шаардык мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жол кире акысын май айында 2-3 сомго, анан акырындап жылдын аягына чейин 15 сом кылып берели деген пикирин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2021-01-19 14:06:25
Ак Ордо з конушунда 161 маршрутка эртең мененки саат 7де жок болду элдер окуучулар жөө жалаңдап кетип баратышты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан