Аламүдүн районунда 21 жаштагы жаранга карата уурулук боюнча кылмыш иши козголду

Аламүдүн районунда 20 миң сом уурдап кеткен 21 жаштагы А. уулу А. кармалганын Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 29-ноябрь күнү Аламүдүн районунун тургуну дүкөнүнөн белгисиз адам түндө 20 миң сом жана 2600 сомго бааланган товарды уурдап кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган. Иликтөө иштеринен кийин уурулукка шектелип жогоруда аталган жаран кармалып, Кылмыш кодексинин 164-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан