Сокулук районундагы мечиттен 4 куран китебин уурдап кеткенге шектүү жаран кармалганын Чүй облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 30-ноябрь күнү укук коргоо органдарына Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылындагы мечиттен белгисиз адам 4 куран китебин уурдап кеткендиги тууралуу мечиттин имамы билдирген. Иликтөө иштеринен кийин Бишкек шаарынын 33 жаштагы тургуну кармалып, Кылмыш кодексинин 164-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду.