Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку жетекчиси Учкунбек Ташбаев камакка алынганын УМККнын басма сөз кызматы билдирди. У.Ташбаевге Кылмыш кодексинин 304-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 304-берене (лицензия берүүдө кызмат абалын мыйзамсыз колдонуу) боюнча кылмыш иши козголуп, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УМККнын убактылуу кармоочу жайына 2013-жылдын 30-январына чейин камакка алынды. Эске салсак, Учкунбек Ташбаев мыйзамсыз лицензия бергени үчүн айыпталып, үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрында кызматынан бошотулган.