Казакстанда 1-февралдан тарта калкты коронавируска каршы эмдөө башталат. Жыл соңуна чейин 6 миллион адамды дарылоо пландалган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Казакстандын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Шоранов эмдөөнүн биринчи баскычында Орусиянын "Спутник-V" вакцинасы колдонуларын билдирген.
"Калкты эмдөө этабы менен жүргүзүлөт. Февралдан тарта алгач кооптуу зоналарда иштеген медкызматкерлер эмделет. Жалпы жыл соңуна чейин 6 миллион адамды эмдөө пландалды. Булардын катарында 18 жаштан кичүү өспүрүмдөр жок", - деп жазылат маалыматта.