"Тамашоу" курама командасы Эл аралык КВН союзунун орто азиялык Лигасында чемпион аталды
Кечээ Астанада Эл аралык КВН союзунун орто азиялык Лигасынын финалы жыйынтыкталды. Анда чемпиондук үчүн 2 кыргызстандык команда ат салышып, экөө тең байгелүү орундарды ээледи. "Тамашоу" командасы чемпиондукту жеңип кайтса, "Кыргыздар" командасы 3-орунга илинди. Жалпысынан аталган чечүүчү оюнга 6 команда тандалып алынган: "Кыргыздар" (Кыргызстандын КВН курама командасы, Бишкек), "Разборная Ростова", (Ростов-на-Дону шаары, Орусия), "Армяндардын союзу" (Орусиянын армяндарынын союзу), "Тамашоу" ("Тамашоу" курама командасы, Бишкек), "Тагил" (Нижний Тагил шаары, Орусия) жана "Вне закона" (Астана шаары, Казакстан).