ИИМдин кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда катталган кылмыштын бети ачылганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Ушул жылдын 13-ноябрында укук коргоо кызматкерлери тарабынан 1957-жылы туулган Э.Анын жансыз денеси табылган. Текшерүүдө маркумдун сабалып өлтүрүлгөнү аныкталып, Кылмыш кодексинин 97-беренеси боюнча (уюшулган топтун күч колдонуу менен адам өлтүрүүсү) кылмыш иши козголуп, кылмышкерлерди издөө иштери башталган. Иликтөө иштеринен кийин кылмышка шектүү деп 4 адам кармалды. Кармалгандардын үчөөсү 1994-жылы туулган болсо, бирөөсү жашы жете элек өспүрүм экени белгилүү болду. Маалым болгондой, алар Э.А. жашаган үйгө ууруга кирип, үй ээси капысынан келип калганда күч колдонуп сабап, качып кетишкен. Учурда кармалган жарандар атайын кармоочу жайга киргизилишти.