Ырчы Дайыр Исмадияров “Сагынба” аттуу ырына клип тарттырып бүткөнүн бизге кабарлады. “Клип тарттырганга толук бир ай кетти. Тартып жатканда идиш сындырган жерлери оорураак болду. Идиштерди атайын дүкөндөн сатып алдык. Кайра-кайра сатып албайлы деп жакшы аракет кылып, бир эле дубль менен тарттык”,- деди Дайыр Исмадияров жаңы клиби жөнүндө.