Бүгүн Кыргызстанда 3-декабрь - Майыптардын эл аралык күнүнө карата өлкө боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын урматына бир катар иш-чаралар орун алат. Вице-премьер-министр Камила Талиева жана Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясын, Көрүүсү жана угуусу начарлардын биримдигин, Майып айымдар ассоциациясын, "Жаш майыптар кыймылы" коомдук бирикмесин жана башка уюмдарды Бишкек шаарындагы "Сейтек" борборунда куттукташмакчы. Аталган иш-чара кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын катышуусундагы концерт менен коштолот.