Кыргызстан Орто Азияда энелердин өлүмү боюнча алдынкы орунда турат. Бул тууралуу депутат Дамира Ниязалиева Бишкекте өткөн Азия форумунун жыйынында билдирди. 1990-жылга салыштырмалуу энелердин өлүмү дүйнө боюнча 34 пайызга кыскарса, Азияда 52 пайызга кыскарган. Бирок Кыргызстанда энелердин өлүмү жогорку көрсөткүчтө сакталып турат. "Кыргызстанда былтыркы жылга караганда быйыл энелердин өлүмү 4,1 пайызга өстү. Мындай маселелер жаралбаш үчүн төрөт үйлөрүндөгү инфраструктураны жакшыртыш керек",- деди эл өкүлү.