Кыргызстандык сноубордчулар "Сочи-2014" Олимпиадасына жолдомо ойнотулчу Дүйнө кубогуна катышуу укугуна ээ болушту

Сноуборд боюнча КРнын улуттук курама командасы Орусиянын Кубогуна катышты. Бул мелдеште Кыргызстан, Орусия, Болгария, Румыния жана Казакстандан жалпы 50 спортчу таймашкан. Биздин өлкөнүн намысын Алексей жана Павел Вакурин талашып, Алексей 2 ирет 3-орунду, Павел 4-орунду жана 13-орунду ээлеп кайтты. Натыйжада Алексей 160, Павел 90 упай чогултуп, экөө тең Дүйнө Кубогуна катышуу укугун алышты. Айта кетсек, Дүйнө Кубогунда "Сочи-2014" Олимпиадасына жолдомо ойнотулат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан