КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиев Талас эли мал чарбачылыгы жактан жакшы ийгиликтерге жетише алганын билдирди. “2012-жылы былтыркы жылга караганда ири мүйүздүү малдын саны 102 пайызга, анын ичинен саан уйлардын саны 101,3 пайызга, кой-эчкилердин саны 105,7 пайызга, үй канаттуулары 101,2 пайызга, жылкылардын баш саны 101,4 пайызга жогорулаган. Бирок чочколорду кармоо кыйла төмөндөп, алардын былтыркыга караганда өсүшү 86,2 пайызды түздү”,- дейт басма сөз катчы.