Орусияда автоунаасы менен кыргызстандык айымды сүзүп өлтүргөн Жол көзөмөлдөө кызматынын инспекторуна кылмыш иши козголду

Орусиянын Сахалин облусунда кыргыз жаранын сүзүп кеткен Орусиянын Мамлекеттик жол коопсуздук инспекциясынын алдындагы Жол көзөмөлдөө кызматынын инспекторуна кылмыш иши козголду. Ушул жылдын 10-сентябрында Жол көзөмөлдөө кызматынын инспектору Евгений Бодрин жол эрежесин бузуп, жолдун четинде бара жаткан 23 жаштагы кыргызстандык айымды сүзүп кеткен. Жыйынтыгында жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон. Учурда Орусия Федерациясынын Кылмыш кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүгү (адам өлүмүнө алып келген жолдо жүрүү эрежесин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан