Ушул тапта Бишкек шаарында, Ак үйдүн алдында Талас облусунун 30дай тургуну митинг өткөрүшүүдө. Алар 7-апрель окуясынын катышуучуларынын тизмесине Таластагы митингге катышкандарды дагы киргизүүнү талап кылышууда. "2010-жылы бардык окуялар Талас шаарында башталган. Премьер-министр, президент жана ЖКнын төрагасы бизди кабыл алуусун талап кылабыз",- дешүүдө митингдин катышуучулары.