Бүгүн “Ата Журт” фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов маалымат жыйынын өткөрүп, башкы прокурор Аида Саляновага кылмыш иши козголушу керектигин айтып чыкты. Ал: “Генпрокурор “Ташиевге карата өткөрүлгөн психолого-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгы менен анын жактоочусу макул болгон” деп калп айтып, депутаттарды чаташууга алып барды”,- деп билдирди. И.Айткулов экспертизанын өткөрүлүшүнө каршы болбогондугун, бирок анын жыйынтыгы менен макул эместигин баса белгиледи. “Кантип эле Ташиев психикалык жактан жабыр тарткан жана ал дарыланууга муктаж дегенге кошулайын?”- дейт жактоочу. Ошондой эле жактоочу А.Саляновага кошо Ташиевдин ишин тергеп жаткан Жылдызбек Исмаиловду да дисциплинардык жоопкерчиликке тартыш керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал: “Исмаилов генпрокурор Ташиевдин жактоочусу экспертизанын жыйынтыгы менен макул болгон деп айтып жатканда жанында отурса да, айтканын оңдоп койгон жок”,- деди. Ушундай маанидеги катты ЖКга жана КРнын Президентине жибергенин кошумчалады И.Айткулов.