Кыргызстанда жаңы ачылган "SkyBishkek" авиакомпаниясы өлкө ичиндеги каттамдарын ачты. Бул тууралуу "Манас" Эл аралык аэропортунан билдиришти. Баткен жана Жалал-Абад шаарларына каттамдар жумасына 3 жолу жүргүзүлсө, Ош шаарына аталган компаниянын учактары аптасына 4 жолу учушат. Ошондой эле "Манас" Эл аралык аэропортунан кошумчалашкандай, жогоруда аталган компаниянын учактарынын бирине КРнын Баатыры, мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин аты берилди.