Кыргызстан менен Кытай экономика жана геология тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшат. Документтерге кол коюу Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Вень Дзябаонун 4-декабрда Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында ишке ашырылат. Ошондой эле Ош-Баткен-Исфана жолдорун оңдоо иштерине жеңилдетилген насыя берүү үчүн дагы келишимдер түзүлмөкчү.