Жалал-Абад. Жалал-Абад шаарынын 135 жылдыгына карата акындар айтышы өткөрүлөт

5-6-декабрда Жалал-Абад шаарынын 135 жылдыгына карата Барпы Алыкулов атындагы драма театрында төкмө акындар айтышы өткөрүлөт. Мэриянын колдоосу астында уюшулуп жаткан айтышка республиканын бардык аймактарынан төкмө акындар чакырылган. Бул тууралуу уюштуруу тобунунун жетекчиси, демилгечи, төкмө акын Рахматулла Козукеев билдирди. Анын айтымында, шаардын 135 жылдык майрамына арналып өткөрүлүп жаткан мааракеде белгилүү айтыш чеберлери маркумдар Токтосун Тыныбеков жана Майра Керим кызын эскерүү темасы да камтылмакчы. Бул иш-чарага мэрия тарабынан 400 000 сом каражат бөлүндү. Айтыштын баш байгеси - 80 000 сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан