Кыргызстанда визасыз режим киргизилгенден бери Нарын облусуна келген туристтердин саны 10 эсеге көбөйдү

Кыргызстанда визасыз режим киргизилгенден бери Нарын облусуна келген туристтердин саны 10 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Экономика министри Темир Сариев ЖКнын Бюджет жана каржы боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Темир Сариев белгилегендей, былтыр Нарын облусуна 335 турист келсе, быйыл визасыз режим киргизилгенден кийин туристтердин саны 3500гө жеткен. Ошондой эле министр кошумчалагандай, акыркы 6 айда өлкө боюнча туризмдин көрсөткүчү мурунку жылга караганда 20 пайызга өскөн. Эске салсак, ушул жылы 27-июль күнү президент Алмазбек Атамбаев 44 өлкөгө 60 күнгө чейин визасыз режим киргизүү тууралуу токтомго кол койгон.  

.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан