"Үмүт-Надежда" балдар реабилитациялык борборунун тарбиялануучулары эстрада ырчылары менен бир сахнада өз өнөрлөрүн көргөзүштү
Бүгүн Кыргызстан боюнча Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнү белгиленип жатат. Өлкө боюнча ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүлдү. Алардын бири "Үмүт-Надежда" балдар реабилитациялык борборунун балдарына Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы ЖОЖдо иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада аталган борбордун балдарынын колунан жасалган эмгектери көргөзүлүп, сатыкка коюлду. Ошондой эле балдарга арналган концерттик программа уюштурулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана кыргыз эстрадасынын өкүлдөрү өз таланттарын көрсөтүштү.