Казакстандын Караганды облусундагы Алматы-Екатеринбург унаа жолунан 7 килограмм баңгизаты менен Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Казакстандын укук коргоо кызматы билдирди. Казак полиция кызматкерлеринин текшерүү иштеринин жыйынтыгында кыргыз жаранынан 7 килограмм 258 грамм героин табылган. Учурда аталган коңшу өлкөнүн Кылмыш кодексинин 259-беренеси боюнча (мыйзамсыз баңгизатты ташуу жана сактоо) кылмыш иши козголуп, кыргыз жараны Караганды облусунда камакка алынды.