Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен "Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2012-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Инвестициялык климатты жакшыртуу программасы-2" программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 29-ноябрында кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасы ушул гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына маалымдап коюу милдети тапшырылган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү маалымдайт.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан