Германия менен каржылык жана техникалык кызматташтык жөнүндө келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2012-жылдын 9-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2011-2012-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2011-2012-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Ал Жогорку Кеңеш тарабынан 2012-жылдын 29-ноябрында кабыл алынган.Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдайт.