ӨКМ коомчулукка карата бүгүн шашылыш эскертүү жасады. ӨКМга караштуу Гидрометеорология агенттигинин болжолдоосуна ылайык, 2012-жылдын 2-декабрынан 4-декабрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош (121-137-чакырымында, 198-265-чакырымында), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-чакырымында, 145-150-чакырымында), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-чакырымында) тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. ӨКМ айдоочуларга кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керектигин ӨКМ эскертет.