Бишкекте биринчи жолу кыргыз жана казак куудулдары бирге концерт өткөрүшөт. Бул тууралуу куудул Борончу Кудайбергенов маалымдады. "21-22-декабрда биринчи жолу алматылык "Сансар" театрынын 15 артисти кыргыз куудулдары менен бирге концерт беришет. Ошондой эле келерки жылы жай айында Ысык-Көлдө Казакстан жана Өзбекстандын куудулдары катышкан фестиваль өткөрүүнү пландаштырып жатабыз",- деди Борончу Кудайбергенов. .