Бүгүн эртең менен Ак үйдүн алдына Талас облусунун 30дай жашоочусу чогулуп пикет уюштурушту. Алар өздөрүн 2010-жылдагы Апрель революциясынын катышуучулары катары мыйзамдуу түрдө каттоону талап кылышууда. Талас шаарынын революциялык комитетинин мүчөсү Соотбек Токтогазиев: “Апрель революциясы Таластан башталгандыгын баарыбыз билебиз. Бизди президент, премьер-министр жана ЖКнын төрагасы кабыл алуусун талап кылабыз”,- дейт. “Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин лидери Осунбек Жамансариевдин айтымында, бул боюнча мыйзам кабыл алынган. “Кимде-ким ошол революциядан жабыр тарткан болсо, аларга атайын жеңилдиктер каралып, батирлер берилген. Мындан тышкары кээ бир үй-бүлөлөрдүн балдарына 1 миллион сомдон акча бөлүнгөн. Бул тизмеге ошол эле Талас жана Нарын облусунун жашоочулары да кирген. Азыркы болуп жаткан митингдин себеби мага белгисиз. Ал провокация да болушу мүмкүн”,- деп билдирди О.Жамансариев.