Ушул тапта Бишкек шаарында өтчү ШКУнун өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Вэнь Цзябао учуп келди. Аны өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев тосуп алып, эки өлкөнүн гимни ойнотулду. Ошондой эле Иран, Азербайжан, Пакистан, Өзбекстан, Моңголия өлкөлөрүнүн делегаттары да Бишкекке учуп келишти. Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Бишкекке кечинде келери күтүлүүдө. Эске салсак, ШКУнун өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны 4-5-декабрда борбор калаада өтөт.