"Кыялкечтер" тобу тушоо кесүү концертине камынууда
Кыргызстандагы "Кыялкечтер" рок-тобу жакында алгачкы жеке концертин коёт. Бул тууралуу топтун солисти Чынтемир Акбаралы маалымдады. "Концертте ырларды жандуу үн менен аткарабыз. Алгачкы концертибиз болгондуктан, даярдыктар катуу болууда",- дейт Чынтемир Акбаралы. Кошумчалай кетсек, "Кыялкечтер" тобунун концерти Бишкек шаарында 17-декабрь күнү Кыргыз драма театрында өтөт.