3-декабрь – Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери Беловодск айылындагы Балдардын психоневрологиялык жатак-үйүнүн тарбиялануучуларынан кабар алып келишти. Бул күнү балдар үчүн кинотеатрдын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Мунун урматына аталган интернаттын таланттуу балдары чакан программадагы концерт тартуулашты. Иш-чаранын аягында тарбиялануучуларга оюнчуктар жана таттуу белектер тапшырылды.