Сузак районуна караштуу Маркай айылындагы көмүр шахтасынан 5 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 5 адам мыйзамсыз көмүр казып жатканда шахта урап кеткен. Жергиликтүү жашоочулар каза болгондордун денесин алып чыгышып, учурда алардын өздүгү такталууда.