Бүгүн Кытай менен Кыргызстан өз ара кызматташуу боюнча 4 документке кол коюшту. Алардын бири Кыргызстандын Экономика министри жана Кытайдын Коммерция министринин ортосундагы экономикалык келишимге Жантөрө Сатыбалдиев жана Вэнь Цзябао кол койду. Ошондой эле КРнын Каржы министри Ольга Лаврова менен Кытайдын экспорт-импорт банкынын башчысы Ош-Баткен-Исфана жана Балыкчы-Бишкек жолдорун оңдоо иштерине жеңилдетилген насыя бөлүп берүү боюнча келишимге кол коюшту.