Бишкек мэриясы Жибек Жолу көчөсүндөгү дарактын өз алдынча кыйылышы боюнча сотко кайрылат

Бишкек мэриясы Жибек Жолу көчөсүндөгү дарактардын өз алдынча кыйылышы боюнча сотко кайрылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаардык мэриянын алдындагы "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасы Жибек Жолунда өз алдынча дарактардын кыйылышы боюнча Свердлов райондук прокуратурага, сотко, ИИБге материалдык чыгымдын ордун толтуруу үчүн кайрылат. 

Аталган факт боюнча атайын комиссия түзүлүп, аймакты текшерүү учурунда “Жашылдандыруу” ишканасы менен макулдашпай жана уруксат албай 22 дарак кыйылгандыгы аныкталган. Эске салсак, ушул жылдын июнь айында Бишкектин бөлүктөрүнүн биринде 33 дарак өз алдынча кыйылып, келтирилген зыян 181 миң сомду түзгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан