Дамира Ниязалиева: "Инфекциялык ооруканада бейтаптарга орун жок, коридордо жатышат"

ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында быйылкы жылдын күз айларынан бери күчөп кеткен А гепатитинин маселеси көтөрүлдү. Комитеттин төрайымы Дамира Ниязалиева сарык оорусуна байланыштуу кырдаалдын оордошуп кетүүсүнө текшерүү иштери жакшы жүргүзүлбөй калгандыгы себеп дейт. Анын айтымында, айрыкча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл функциясын Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп берүү керек. "Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттик өзүнчө орган болбошу керек. Анткени бул мекеме текшерүүчү ажыдаарга айланды. Анын кызматкерлери ак халатты кийип алып, зыкылдатып турганды эле билишет. Мунун ордуна маселенин себебин издеп, профилактикалык чараларды көрүп, колдон келсе, жардам беришпейби? Тиешелүү көзөмөлдүн жоктугунан, функциялар жетиштүү деңгээлде аткарылбай калгандыгынан инфекциялык ооруканада бейтаптарга орун жок, коридордо жатышат",- дейт Дамира Ниязалиева.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан