Депутат Саламаттыкты сактоо министрлиги А гепатитине жетиштүү көңүл бурбай жатканын айтат

ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Дамира Ниязалиева А гепатитине каршы эмдөөгө өкмөттүн каражаты тартыш экенине карабастан, тиешелүү вакцинаны чыгаруучу заводдор менен сүйлөшүүсү керек деп эсептейт. Анын айтымында, айрым ата-энелер баласынын сарык оорусуна чалдыгып калбашы үчүн алдын ала вакцинаны сатып алып, эмдөөдөн өткөрүшү мүмкүн эле. "Саламаттыкты сактоо министрлиги каалоочулар үчүн шарт түзүшү керек болчу. Бирок баары бир эмдиги жылдан тарта бала бакчанын тарбиялануучулары менен башталгыч мектептин окуучуларын А гепатитине каршы эмдөөдөн өткөрүүгө каражат табуу керек. Себеби жаш балдардын ден соолугу эртеңки өлкөнүн келечеги",- дейт депутат айым.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан