Чүй облусунда унаа уурулукка шектүү кармалганын бүгүн Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди. Ушул жылдын 3-декабрь күнү Чүй облустук күзөт бөлүмүнө 26 жаштагы тургун саат 16:00дөр чамасында белгисиз жаран Маевка айылынан ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган. Издөө иштеринен кийин Токмок шаарынын 22 жаштагы тургуну шектүү деп кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.